Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Атамбаев кытай министрине “Данакер” орденин тапшырды


Сыйлык тапшыруу аземи.
Сыйлык тапшыруу аземи.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга сапарынын жүрүшүндө бул өлкөнүн коммерция министри Гао Хучэн менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Атамбаев кытай министрине “Данакер” орденин тапшырды.

Мындай сыйлык министр Хучэнге эки өлкө ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн тапшырылды.

Президент Атамбаев Кыргызстандагы долбоорлор коңшу өлкөнүн коммерция министрлигинин көмөгү менен ишке ашып жатканын белгиледи.

Алмазбек Атамбаев Кытайга иш сапар менен бейшембиде кеткен. Сапар учурунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, анда эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланары кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG