Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

АКШ: киберчабуул үчүн Орусияны жазалоо сунушу


Орус президент Владимир Путин
Орус президент Владимир Путин

АКШнын таанымал республикачыл сенатору хакердик чабуулдар үчүн Орусияны жазалоону көздөгөн демократ кесиптештерине кошулаарын жар салды.

Республикачыл сенатор Жон Маккейн Орусия киберчабуулдар аркылуу АКШдагы демократияга мурда болуп көрбөгөндөй сокку урду деп эсептейт. Ал Орусияга кеңири санкция киргизүү үчүн мыйзам долбоорун жазууну көздөгөн демократ сенаторлор Бен Кардин жана Роберт Менендезге кошулаарын жарыялады. Сенаторлор “кеңири санкциялар” эмнени билдирерин ачык айтпаса да жаңы мыйзам Ак үй жакында жарыялаган санкциялардан кыйла таасирдүү экенин белгилешти.

Жон Маккейн
Жон Маккейн

Декабрь айынын соңунда Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама орус бийликтеринин АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракетине жооп деген жүйө менен 35 орус дипломатын өлкөдөн чыгарган. Ошондой эле Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына санкцияларды киргизген.

Шейшембиде президент катары акыркы кайрылуусун жасай турган Барак Обама киберчабуулдарга демократтар гана эмес, республикачыл сенаторлор да кабатырланып турганын айтты:

- Менимче, орустар кийгилишүүгө аракет жасаганы чын жана алар кийлигишти. Болочокто башка өлкө, башка шайлоо болуп калышы мүмкүн. Андыктан бул маселе эки партиянын гана карама-каршылыгы катары каралбайт деп үмүттөнөм. Демократтар сыяктуу эле республикачылар да тынчсызданып турушат.

Барак Обама. 10-январь, 2017-жыл
Барак Обама. 10-январь, 2017-жыл

​АКШда киберчабуулдар үчүн Орусияны жазалоо чакырыктары башкы чалгын мекемелеринин 6-январдагы корутундусунан кийин күчөдү. Анда орус президенти Владимир Путин республикачылардын талапкери Дональд Трамптын жеңиши үчүн демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун рейтингин түшүрө турган хакердик өнөктүк уюштурууга буйрук берген деп айтылган.

Иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн атайын кызматтын баяндамасынын ачык жарыяланган бөлүгүндө далилдер толук көрсөтүлгөн эмес.

Шайланган президент Трамп да бул корутунду менен таанышып чыккан. Республикачыл сенатор Линдси Грэм Трампка кайрылып, киберчабуулдар үчүн Орусияга жооп кайтарууга үндөгөн. Трамптын администрациясы орус тараптын киберчабуулдары тууралуу факттыны кабыл алаарын ишара кылганы менен, хакердик аракеттер шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасирин тийгизбегенин, Трампты эл шайлаганын эскертүүдө.

Дональд Трамп баштаган башкы республикачылар.
Дональд Трамп баштаган башкы республикачылар.

Расмий Кремль болсо орус президенти хакердик өнөктүк уюштурууга буйрук берген тыянакты четке кагууда. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков атайын кызматтардын баяндамасын “негизсиз доомат” жана кесипкөйлүккө жатпаган аракет деп мүнөздөдү:

- Негизсиз дооматтарды айткан тараптарда кандай маалымат бар экенин билбейбиз. Биз Москванын, орус расмийлеринин жана Орусия Федерациясындагы институттардын хакердик чабуулдарга аралашканы тууралуу айыптарды кескин түрдө четке кагабыз.

Президенттик шайлоо өнөктүгү малында “Викиликс” уюму Демократиялык партиянын лидерлеринин жана талапкер Хиллари Клинтондун кампания башчысы Жон Подестанын хакердик жол менен алынган электрондук каттарын жарыялаган. Аларда партиянын лидерлери баштан бери эле башка талапкерлерге эмес, Клинтон айымга артыкчылык берип келгени белгилүү болгон. “Викиликс” уюмунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанж каттарды орус өкмөтүнөн албаганын бир нече жолу кайталап, өз булагын ачык айтуудан баш тарткан.

Ошентип, Барак Обаманын президенттик кызматтагы акыркы күндөрү Орусияга карата олуттуу айыптоолор менен аяктамай болду. Шайлоо өнөктүгүнүн башынан бери орус лидерин жактап сүйлөгөн Дональд Трамп он күндөн кийин кызматка киришет. Жаңы президент келгенден кийин Орусияга каршы санкциялар, хакердик чабуулдар боюнча чечимдер кандай өзгөрөөрү убакыттын таразасындагы маселе болуп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG