Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Стамбулдагы чабуулга шектүү кармалды


Абдулкадир Машарипов.
Абдулкадир Машарипов.

Түрк бийлиги жаңы жыл түнү Стамбулдагы чабуулга шектүү кишини кармаганын билдирди. Абдулкадир Машарипов дүйшөмбү күнү кечинде Стамбулда кармалган. Ал Ооганстанда машыгуудан өткөнү кабарланды.

Түрк бийлиги 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салып, 39 адамды атып өлтүрүп, 69ун жарадар кылган шектүү кармалганын кабарлады.

Түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым кармалган адамды полиция суракка алганын билдирди:

- Бул жерде көп майда-барат нерселер такталышы керек, азыр иликтөө жүрүп жаткандыктан ушуну менен чектелейин. Тийиштүү органдар такталган маалыматтар менен бөлүшөт. Эң башкысы бул кол салууну жасаган адам кармалды. Анын артында турган күчтөр да аныкталат.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин кармалган адам 1983-жылы Өзбекстанда туулган Абдулкадир Машарипов экенин маалымдады:

- Абдулкадир Машарипов 1983-жылы Өзбекстанда туулган киши. Террорчу менен кошо ирактык бир эркек, Египет жана Африкадан үч аял кармалды. Алар дагы камакка алынды.

Түркиядагы теракт, Машраповдун убайымы

Түркиядагы теракт, Машраповдун убайымы

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы чабуулга шектүү деп паспорту интернетке жарыяланган кыргызстандык Яхъё Машрапов окуяга эч кандай тиешеси жоктугун жарыялады. Бирок чыныгы кылмышкер табылганга чейин ал Түркияга соода сапарын токтотуп турмакчы.

Шахиндин айтымында, Машарипов Ооганстанда машыгуудан өткөн. Ал түнкү клубга кол салууну мойнуна алды жана кол салуу болгон жердеги манжалардын издери менен аныкы дал келди.

Стамбул губернатору Машариповду "төрт тилде сүйлөгөн билимдүү террорчу" деп, Түркияга 2016-жылы январь айында мыйзамсыз киргендигин ырастаган маалыматтар бардыгын кошумчалады.

Түрк маалымат каражаттары Абдулкадир Машарипов дүйшөмбү күнү кечке жуук Стамбул шаарынын Эсенюрт районунда кыргызстандыкка таандык батирде кармалганын кабарлашкан. Бирок кийинчерээк бул маалымат ырасталган жок.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов буларды белгиледи:

- Бул өзбек улутундагы Өзбекстандын Кокон шаарынан экендиги айтылып, экинчи үйгө келген жери кыргызга таандык экен деген маалымат тарап кетти. Биз дароо чалгын кызматы менен иштедик, эгерде кыргыз болсо бизге паспортун же көчүрмөсүн бергиле, кандай экенин аныктап бергиле деп эртеден бери аракеттенип, булар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, акыры ал экинчи адам Ирактын жараны экени анык болду.

Стамбул түнкү клубуна кол салуу боюнча алгачкы күндөрү Кыргызстандын жараны Яхъё Машрапов шектелип, бирок бул маалымат ырасталган эмес. Анда да түрк маалымат каражаттары терактка Кыргызстан жаранынын тиешеси бардыгы жөнүндө такталбаган маалыматты таратышкан.

39 адамдын өмүрүн алган бул чагымчыл кол салууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти алган эле.
39 адамдын өмүрүн алган бул чагымчыл кол салууга “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти алган эле.

Стамбулдун губернатору шектүү Машарипов менен кошо батирде анын төрт жаштагы уулу болбогонун билдирди. Анткени биринчи маалыматтарда анын жанында төрт жаштагы уулу бар деген маалымат чыккан. Полиция шектүүлөрдү кармоодо курал-жарак жана 197 миң доллар алганын Шахин белгиледи.

Абдулкадир Машарипов Стамбул полициясында кармалууда. Ал эми полиция “Ислам мамлекети” террордук уюмунун өзбек тобунун калган мүчөлөрүн издөөгө киришкенин "Анадолу" маалымат агенттиги кабарлады.

Стамбулдагы түнкү клубга кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алган. Машарипов да кол салууну Түркиянын Сирияда “Ислам мамлекетине” каршы операциясы үчүн өч алуу максатында жасаганын билдирген.

“Ислам мамлекети” Түркияга 2015-жылдын ортосунан бери кол салууда. 2015-жылы октябрь айында Анкарадагы терактта 100дөй киши өлгөн.

Жаңы жылдагы Стамбулдагы түнкү клубга кол салууда Түркия, Франция, Тунис, Израил, Ливан, Индия, Бельгия, Иордания жана Сауд Аравиясынын жарандары мерт болгон.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG