Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Стамбулдагы терактка өзбекстандык шектелүүдө


"Рейна" клубундагы теракттан кийин текшерүүлөр күчөдү
"Рейна" клубундагы теракттан кийин текшерүүлөр күчөдү

Түркиялык маалымат каражаттары эми Стамбулдагы терактка өзбек жараны шектелип жатканын кабарлоодо. Мурда түрк расмийлери ыктымал террорчу уйгур улутунда деп, бирок жарандыгын тактаган эмес. Жаңы жыл түнүндөгү кыргын боюнча кабарлар бейкүнөө адамдарга да залалын тийгизүүдө.

Түрк медиасы полиция террорчулукка шектүүнү Өзбекстандын жараны деп жатканын кабарлоодо. “Ислам мамлекети” террордук тобу менен байланышы бар Абу Мухаммед Хорасани деген каймана ысым менен жүргөн Абдулгадир Машариповдун аты аталууда.

Полиция өткөн дем алыш күндөрү анын тек-жайын тактады делгени менен учурда кайда экени беймаалым. Машарипов Түркияда 2011-жылдан бери жашачу экен.

Түрк ММКларынын түрдүү кабарлары элдин башын айландырууда
Түрк ММКларынын түрдүү кабарлары элдин башын айландырууда

Антсе дагы түрк маалымат каражаттарынын жазгандарына мурдагыдай ишенүү кыйын болуп турат. Анткени теракт болгондон көп өтпөй эле шектүү деп кыргызстандык жигиттин атын атап, паспортунун сүрөтүн таратып жиберишкен болчу.

Стамбулга барып келип ишкерлик кылган кыргызстандык Яхъё Машраповду 3-январда Стамбул аэропортунда түрк полициясы суракка алып, шеги тараган соң кое берген. Анын паспортун кимдир бирөө сүрөткө тартып алып, кийин түрк маалымат каражаттарына чыгып кеткен.

Ак жеринен ыдык көргөн кыргызстандык эле эмес. 4-январда Стамбулдун бир бурчунда шектүүгө түспөлдөш түркмөн жигитти жыйырма чакты жергиликтүүлөр кармап, сабап салышкан эле. Полиция аны катардагы эле мигрант деп кийин билдирди.

5-январда болсо терактты уюштурууга көмөктөштү делип, Стамбулда Кытайдын Шиңжан аймагынан чыккан уйгурлар кармалганын, ага чейин 34 адам камакка алынганын мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлаган. Ошондой эле шектүүнүн аялы да кармалганы маалымдалган.

Ал ортодо түрк вице-премьер-министри Вейси Кайнак терактты жасаган адамдын улутун атап жиберген эле:

- Ал уйгур болушу ыктымал. Ал эми анын жарандыгы боюнча комментарий бергим келбейт. Биз бардык видеолорду көргөндөн кийин чабуул өтө мыкты пландалганы анык болууда. Биздин коопсуздук күчтөрүбүз террорчунун тек-жайын аныктады. Анын болжолдуу жайгашкан жери да такталды.

Түрк полициясы.
Түрк полициясы.

Ошол эле учурда шектүүнүн азыркы орду такталды деп жогорку даражадагы аткаминердин айтканы, такталбады деп медианын жазганы да таң калтырууда.

Көмөктөшкөндөр, үй-бүлөсү кармалды делгени менен эмне үчүн кыянатчынын тек-жайы так айтылбай, улам бир мамлекетке көө жабылууда деген да суроолор бар.

Ушундай чакчалекей кабарлар элдин башын айландырууда дейт Стамбулдагы кабарчыбыз Элвира Будайчиева:

- Абдан ар түрдүү маалыматтарды чыгарып жатышат. Башында казак, анан өзбек, кийин кыргыз, бир аздан соң уйгур улутунда деп айтып келишти. Түрк элинин да башы айланып калды. Негизи эле борборазиялыкпы деген шек саноолор көп.

Ушул учурда айрым түрк маалымат каражаттары Түркия чек ара көзөмөлүн дагы күчөтөт, Борбор Азия өлкөлөрүнө виза режимин киргизүү маселеси күн тартибине коюлууда деп жазып жиберишти. Буга канчалык негиз бардыгын кабарчыбыздан сурадык:

- Бүгүн "Хурриет" гезитинде ушундай маалымат чыкты. Негизи эле акыркы теракттардан улам Түркиянын аэропортторунда, чек араларында катуу текшерүү болуп келет. Өзгөчө борборазиялыктарды текшеришүүдө. Бирок виза боюнча маалымат айныксыз деп тастыкталган эмес. Анткени виза боюнча азырынча бир да расмий маалымат чыга элек.

Жаңы жыл түнү "Рейна" түнкү клубуна кирип келип туш келди ок аткан киши 39 адамдын өмүрүн кыйган. Жетимиштей адамды жарадар кылган. Кийин ал кийимин которуп, ызы-чуу түшкөн эл менен аралашып кеткени видеого түшүп калган. Чабуулга жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук тобу алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG