Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Орусия: ФСБдагы камоолор жана хакерлик


ФСБнын Москвадагы баш кеңсеси.
ФСБнын Москвадагы баш кеңсеси.

Орусияда Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБнын киберкоопсуздук үчүн жоопкер адамдарынын кеминде экөө камакка алынганы ачыкка чыкты. Бул камоолордун АКШнын былтыркы президенттик шайлоосу учурундагы Орусия айыпталган хакерлик чабуулдар менен байланышы болушу мүмкүн. Жергиликтүү медианын маалыматтарына караганда, камалгандар “мамлекеттик чыккынчылык” үчүн айыпталып жатышат.

ФСБнын киберкоопсуздук, киберкылмыштар чөйрөсүн тейлеген офицерлеринин камалышынын чоо-жайы орусиялык медиага да ушул аптада белгилүү болгон.

“Коммерсанть”, “Новая Газета” басылмаларынын 26-январда жазганына караганда, ФСБнын маалымат коопсуздугу борборунун жетекчи орун басары Сергей Михайлов былтыр декабрь айында эле камалган.

“Новая Газета” белгилегендей, Орусиянын атайын кызматынын маалымат коопсуздугу борборунда экинчи оперативдик башкармалыкты жетектеген полковник Михайлов ФСБнын коллегиясы учурунда кармалып, анын жыйын залынан башына кап кийгизип алып чыгышкан.

Камалган ФСБчы ким?

“Коммерсанть” басылмасы өз булактарына таянуу менен ФСБнын камалган офицерин өтө таасирлүү, атүгүл Орусиядагы бүткүл бизнести, компанияларды атайын кызматтын атынан көзөмөлдөп келген адам катары мүнөздөйт.

Ал эми москвалык журналист Андрей Плющев “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде камактагы ФСБчы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Сергей Михайловдун аты ар кандай иштерден чыккан. Алардын эң көрүнүктүүсү, эсиңиздердеби, Мухаммед пайгамбардын карикатуралары пайда болуп, аны алгач франциялык “Шарли Эбдо” журналы чыгарып, анан башка жактарда, башка өлкөлөрдө жарыялана баштаганда аларды орусиялык интернеттен алдырган адам дал ушул Сергей Михайлов болгон. Мына ошол кезде дал ушул Михайловдун көрсөтмөсү менен “Pravda.ru” деген орусиялык сайт тосмолонуп, жабылган. Мындай жумушту абдан ыкчам бүткөрүү үчүн интернет компанияларга абдан чоң таасириң бар адам болушуң керек. Орусиянын IT чөйрөсүндө көптөр анын таасирине чын эле абдан таң калышчу.

ФСБ полковнигинен тышкары Орусиянын киберкоопсуздук боюнча белгилүү компаниясы - "Касперски" лабораториясынын мененджери, мурда Ички иштер министрлигинин киберкылмыштар бөлүмүнүн кызматкери болгон Руслан Стояновдун, ошондой эле ФСБнын дагы бир адамы, майор Дмитрий Докучаевдин былтыр декабрь айында камалышканынын чоо-жайы да ушул аптада ачыкка чыкты.

РБК агенттиги 27-январында өз булактарына шилтеме жасап Докучаевди мурда хакер болгон, ФСБнын көз кырына мына ушул ишмердиги аркылуу илинген деп сыпаттайт.

"Шалтай-Болтай"

Орусиянын атайын кызматы бул камоолорду жана тергөөнүн жүрүшүн азырынча расмий комментарийлей элек.

Бирок, орусиялык медианын кабарларына караганда, камалгандар “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча айыпталып жатышат.

Мисалы Кремлге ыктаган ири ишкер, “проваслав олигарх” деп аталган Константин Малофеевдин “Царьград ТВ” деген сайтынын жазгандары боюнча, камактагы ФСБчы Сергей Михайлов орусиялык хакерлердин “Шалтай –Болтай” деген тобу менен карым-катышта турган.

“Царьград” өз кезегинде АКШнын Борбордук чалгын кызматы менен байланыштырган “Шалтай-Болтай” хакерлер тобу мурда орусиялык белгилүү адамдардын, анын ичинде премьер-министр Дмитрий Медведевдин, ири ишкерлердин электрондук каттарын шардана кылуу менен таанылган.

Ал эми оппозициячыл “Новая Газета” ысымы айтылбаган булактарына шилтеме жасап белгилегендей, Михайлов АКШнын чалгын мекемелерине интернетте хостинг кызматын көргөзгөн “King Servers” компаниясы тууралуу маалымат берген деп шектелүүдө.

“King Servers” компаниясын америкалык тарап былтыр алардын Аризона жана Иллинойс штаттарынын шайлоо түйүндөрүнүн компьютерлик серверлерине хакерлик чабуул үчүн платформа катары колдонулганын аныктаган.

Бирок бул сервердин ээси, орусиялык Владимир Фоменко ысымдуу ишкер хакерлик чабуулдарга тиешеси жоктугун айтып чыккан эле.

Орусияда ФСБ офицерлеринин жана алар менен кызматташкан киберкоопсуздук компания мененджеринин камалуусу жөнүндөгү жаңылык АКШда былтыркы президенттик шайлоо учурундагы хакерлик чабуулдар боюнча иликтөө уланып жаткан учурга туш келди.

Мурдагы президент Барак Обаманын кызмат мөөнөтү бүтөр алдында АКШда чалгын жамааттын былтыркы хакерлик чабуул артында Орусия турган деген бүтүмү жарыялануу менен бул ишти аткаргандар катары ФСБ жана ГРУнун расмий адамдары менен аларга тиешеси бар мекемелердин тогузунун ысымы аталып, санкция киргизилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG