Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков экстремизмге каршы күрөштү жоокерлер менен чогуу талкуулады. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, узаган аптада №2028 аскер бөлүгүндө жоокерлер менен уюштурулган жолугушууда терс диний агымдардын ишмердиги, экстремизм коркунучу ортого салынды. Жыйын суроо-жооп иретинде өтүп, аскерлерге Куран аяттары жана хадистердин мисалында маалымат берилди.
Муфтият аскерлер арасындагы мындай жолугушуулар диний агымдардын жайылуусуна бөгөт коюуда оң натыйжа берерин белгилейт. (SE)