Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

Кырсыкта жабыркагандарга 48 млн сомдон ашуун акча чогулду


Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине бүгүн, 1-февраль саат 11:00гө карата 48 миллион 674 миң 420 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп төмөндө көрсөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каражат 1-февралга чейин кабыл алынып, 11-февралда таратыла баштарын билдирген. Бирок жардам берүүнү каалагандар көптүгүнө байланыштуу кабыл алуу уланары расмий кабарланды.

Банк эсеби
Банк эсеби

Каалоочулар сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка валюта түрүндө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу. Толук маалыматты төмөндөгү телефондорго чалып алса болот: 0312 54 79 01, 0770 95 00 02.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле.

XS
SM
MD
LG