Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Меркель Путинге Украина чыгышындагы кырдаал боюнча кайрылды


Ангела Меркель.
Ангела Меркель.

Немис канцлери орус президентин Донбасстагы зомбулукту токтотууга көмөктөшүүгө үндөп, ал үчүн аймактагы таасирин пайдаланууну сунуштады. Немис өкмөтүнүн өкүлү Стефан Зиберттин маалыматы боюнча, Меркель менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, “Украинанын чыгышында тынчтыкты камсыздоо үчүн жаңы аракеттер зарыл экенине токтолушту, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерине тыгыз байланышта болууну тапшырышты”.

Кремлдин маалымат кызматы Меркель менен Путин “адам өмүрүн алган куралдуу жаңжалдын маанилүү маселелерин" талкуулашканын билдирди.

Украинанын чыгышында курчуган кырдаалга украин аскерлери менен жикчилдер бири-бирин айыпташууда.

Немис канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олланд акыркы эки жылдан бери аймактагы чатакты Минск келишимине ылайык жөнгөрүүгө аракет кылып келишет.

Аймактагы кырдаал Орусия Крымды аннексиялап алгандан бир айдан кийин курчуп кеткен.

XS
SM
MD
LG