Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Сарпашевдин төбөсүндө айланган сур булут


Тайырбек Сарпашев өкмөткө 2012-жылы келген
Тайырбек Сарпашев өкмөткө 2012-жылы келген

Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектин чок ортосундагы Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгоду.

Анын алдында башкы көзөмөлдөөчү орган премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди бул окуяга байланыштуу кызматтан алууну сунуштаган. Кыргыз өкмөтү Сарпашев боюнча айтылган дооматтар иликтенип чыккандан кийин чечим кабыл алынарын билдирди.

Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу маселеси мындан толук бир апта мурун парламентте “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында сөз болгон эле.

Фракция лидери Өмүрбек Бабанов Сарпашевди Максим Бакиевдин жеринин айланасындагы чууга байланыштуу, шайлоону уюштуруп-өткөрүүдөгү кемчиликтер боюнча катуу сындаган:

- Ушундай жетекчиге шайлоочулардын тизмесин кантип ишенип бере алабыз? Кечээ мен анын маегин окудум жана кызыктуу ой-жүгүртүүсүнө таң калдым. Андан "эмнеге ошол жер сатылып кеткен?" деп сураса, "2010-жылы ошол жерди улутташтырбаган адамдар күнөөлүү" деп жооп берип жатат. Ким улутташтырбаса аларга бааны тарых берет. Биз андан шайлоочулардын тизмеси тууралуу сурасак, добуштарды сатып алып жаткан партиялар күнөөлүү деп жооп берет. Добуштарды сатып алгандарды көзөмөлдөгөн тартип коргоо органдары бар. Анын милдети – тизмелерди тактоо. Мамлекеттик каттоо кызматы өңдүү чоң мекемени ушундай аткаминер жетектеп турганда шайлоо системасына эч качан ишеним болбойт. Биз эми ага шайлоону уюштуруп, өткөрүүнү кантип тапшыра алабыз?

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган

Бакиевдин жери жең ичинен сатылган

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жана анын жакын санаалаштарына таандык делген, камакта турган мүлктөрдүн сатылышын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Тайырбек Сарпашевге Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы дагы каршы чыгып жатат. Фракциянын төрагасы Бакыт Төрөбаев 10-февралда Башкы прокуратуранын чечимин туура деп баалады:

- Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында мен Сарпашевге шайлоочулардын тизмеси боюнча маселе көтөргөм. Шайлоо бүткөндөн кийин ал тизмелер боюнча кемчиликтер болгонун өзү мойнуна алды. Биз ага маалыматтарды, кеңештерди алдын ала берсек деле ал ошону мойнуна алып, жыйынтык чыгарбайт экен. Сот менен Мамлекеттик каттоо кызматынын имараттарынын аралыгы беш эле чакырым. Эми соттун чечими Мамкаттоого 56 күндөн кийин гана барган дегенге ишенесиңерби? Мен буга ишенбейм. Башкы прокуратура жок жерден эле чыгара бербейт. Мен бул чечимди туура деп эсептейм.

Тайырбек Сарпашев болсо чырлуу жер боюнча өзү түшүндүрмө берген жана мыйзам бузуу болду деген дооматты четке каккан. 9-февралда чукул өткөргөн маалымат жыйында өкмөт башчы менен башкы прокурорго кат жолдой турганын билдирген:

- Мамлекеттик каттоо кызматы бул жер боюнча мыйзамдан бир дагы кадам четтеген жок. Менин оппоненттерим бул жагдайды өз кызыкчылыгына пайдаланып, мени күнөөлөп жатышат. Мен бул жагдай боюнча өкмөт башчы менен жолуктум. Мен андан Мамкаттоо кызматынын да позициясын карап көрүңүз деп сурандым. Мен дагы бир арызды башкы прокурорго даярдадым. Индира Жолдубаевадан бул кырдаалды жеке өзү дыкат, так карап чыгуусун өтүнөм.

Бизнестен саясатка

Тайырбек Сарпашев саясатка бизнестен келген. Ал 49 жашта, 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган жана 2000-жылдарга чейин “Түшүм”, “Саят”, ”Градиент” өңдүү фирмаларды жетектеген.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болгон, Отун-энергетикалык комплекстер комитетин жетектеген. Анын саясатка аралашканын Аскар Акаев президент болуп турганда бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарда жүргөн, президенттик аппаратты да жетектеп калган кайнатасы Тойчубек Касымов менен да байланыштыргандар болгон.

2014-жыл
2014-жыл

Сарпашев 2005-жылдагы парламенттик шайлоого да өз округунан катышып жеңип чыккан. 2007-жылкы шайлоодо “Туран” партиясын жетектеп барган, бирок тийиштүү добуш топтой алган эмес. Бул партиянын тизмесинде Каныбек Иманалиев, Эмил Каптагаев, Камчыбек Жолдошбаев өңдүү саясатчылар болгон.

Коомдук ишмер Эмил Каптагаев “Турандын” тизмесине кирген таржымалын учкай айтып берди:

- Шайлоо партиялык тизме менен өтүп жаткандан кийин шайлоого катышкан кайсы бир партиянын тизмеси менен чыгуу азыр деле болуп жатпайбы. Мисалы, ошол эле КСДПнын, “Республика – Ата Журттун” жана башкалардын тизмесинде башка партиянын өкүлдөрү бар. Ошол кезде “Туран” партиясы улутчул-патриоттук духтагы идеяларды көтөрүп жаткан. Мекенчилдик платформада бириккен инсандар “Турандын” тизмеси менен чыкканбыз. Ишкер катары да, иштин көзүн билген уюштуруучу катары да баалайм. Ал иштин көзүн билген дасыккан адис.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сарпашевдин депутат болуп жүргөндөгү кезин эстеди. Айтылуу “Матрешкагейт” деген ат менен таанылган чуулгандуу иштин адилеттүү териштирилишине вице-спикер, атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөсү катары кошкон салымын белгиледи:

- Мен Тайырбек Сарпашевди жаш кезинен бери билем. Жаш кезинде депутат болуп келген. Бийлик тараптан деп эсептелгени менен Акаевдин да, Бакиевдин да убагында өзүнүн позициясы болуп, туура маселелер боюнча оппозицияга да кошулуп, чоң иштерди жасап жүргөн. Ошондуктан жалпысынан пикирим жакшы. Бакиев президент болуп турганда “Матрешкагейт” деп мени Польшада кармаганда атайын түзүлгөн комиссиянын курамында болуп, туура позицияны ээлеген. Бакиевдин режимине каршы 2006-2007-жылдары элдик митингдерде, андан кийин дагы нааразылык акцияларда оппозицияга аралашып, кол үзбөй жүргөн. Мына ушундан улам ал бийлик алмашканда Убактылуу өкмөткө келген.

Сарпашев: Улуттук, социалдык белгилери жок паспорт берилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:42 0:00

Нааразылар да, ыраазылар да бар

Өмүрбек Текебаев Сарпашевге айтылган соңку дооматтар боюнча да оюн айтты. Бийликтеги саясий оюндардын курмандыгы болуп калышы ыктымалдыгын кыйытты:

- Сарпашев өзү абдан сак, бардык нерсени көрө билген адам. Мынчалык тобокелдикке, мындай иштерге барбашы керек эле. Менимче ал абдан чоң ката кетирди. Анткени ал Максим Бакиевдин эң белгилүү мүлкү болчу. Ал жерде тогуз ишкана жайгашкан, бир канча сот болгон. Анан ошондой чуулгандуу мүлктү “мага соттун чечими келе элек" деген шылтоо менен башка бирөөгө каттатып салганы туура эмес. Менимче, бул ишке таасирдүү адамдар аралашкан жана "каттап койсо эч нерсе болбойт" деген кырдаал түзүлгөн. Демек Бакиевдин башка мүлктөрүн деле буга чейин алып жүрүшкөн, ошол иштин бири катары эле кабыл алышкан. Ошондой саясий күчтөр бар. Эми ушул иштердин артынан Сарпашевди “саясий садагага” чаап жибериши мүмкүн. Өкмөттү алып калыш үчүн, спикерди сактап калуу үчүн ушундай кадамга барышы мүмкүн. Ушундай маселенин Жогорку Кеңеште көтөрүлүшү премьер-министрдин, президенттин, КСДПнын кадыр-баркына сокку урушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай соккуну алдын алуу максатында саясий мунасага барып, Сарпашев садага чабылып кетиши мүмкүн.

Бакиевдин режимине каршы 2006-2007-жылдары элдик митингдерде, андан кийин дагы нааразылык акцияларда оппозицияга аралашып, кол үзбөй жүргөн.
Өмүрбек Текебаев

Анткен менен Тайырбек Сарпашевди мыкты мамлекеттик менеджер, иштин көзүн билген уюштуруучу катары баалагандар аз эмес. Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев биометрикалык маалыматтарды чогултуу, ошонун негизинде шайлоо өткөрүүдө анын ролуна токтолду:

- Негизи жаңычылдыкка умтулган, өзгөртүүнү каалаган жетекчилерге каршы дайыма топтор болот. Бирок Сарпашев сынып калбай, сынга биротоло чөгүп калбай, беттегенин бербей, көп реформаларды ишке ашырды. Биометрика Тайырбек Сарпашевдин өжөрлүгүнүн арты менен ишке ашты. Автоматташтыруу, электрондоштуруу жагынан Сарпашев жаңы идеяларга бай. Мисалы, көп жетекчилер сынга кабылбайын, ага-буга жакпай калбасын, кайсы бир саясий күчтөргө жаман көрүнүп албайын деп өзгөртүүгө барбайт. Сарпашев болсо алдында чоң душмандар турса дагы бир топ өзгөртүүлөрдү жасай алды. Ошондуктан анын эмгегин да баалашыбыз керек. Эми шайлоого байланыштуу нааразылыктар болуп жатат. Максим Бакиевдин жери боюнча тиешелүү органдар баасын берет. Бирок жалпысынан жетекчи катары Сарпашев бир топ саамалыктарды киргизе алды. Биометрикага өткөнүбүзгө, таза шайлоо өткөрө алганыбызда Сарпашевдин салымы чоң. Колдон келсе аны ушул кызматта иштетишибиз керек. Баштаган иштерин аягына чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Сарпашев өкмөткө керектүү кадр.

Тайырбек Сарпашев соңку беш жылдан бери өкмөттө жооптуу кызматтарды аркалап келет жана жалпысынан беш премьер-министр менен иштешти. 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр болгон. Андан кийин биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган жана бул кызматта бир жыл иштеген. Мамлекеттик каттоо кызматына 2015-жылдын ноябрь айында келген.

2014-жылы ал түптөгөн “Градиент” фирмасы боюнча чуу чыккан. Тендерлерди байма-бай утуп жатат деп, Кумтөр менен байланышы тууралуу дооматтар байма-бай айтылган, атайын депутаттык комиссия да түзүлгөн.

Соңку күндөрү жасалма паспорттор чуусунда да Сарпашевдин аты аталып келет. Биометрикалык паспорттордо жарандардын улуту жазылбайт деген чечими дагы коомдо түрдүү пикирлерге себеп болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG