Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

УКМК “Бир дүйнөнүн” сотко арызы боюнча түшүндүрмө берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмунун атайын кызматтын үстүнөн сотко кайрылганы боюнча түшүндүрмө берип, укук коргоочулардын айыптоосу негизсиз экенин билдирди.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму УКМКны такталбаган маалымат таратты деп апта башында сотко берген. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту кароодо.

19-январда Оштун Кара-Суу районунда УКМК кызматкерлери “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелген 33 жаштагы жаранды кармаган. Анын үйүн тинтүү учурунда аталган диний кыймылды жактаган жана “Бир дүйнө - Кыргызстан” уюмунун ишмердигине байланышкан китептер табылганы кабарланган. Атайын кызмат шектүүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгогон.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” уюму УКМК такталбаган маалымат таратып, укук коргоочуларды диний айып менен жаманатты кылып жатат деп билдирген. Кабарды төгүнгө чыгарууну сурап атайын кызматка расмий кат жолдогон. Бирок ага жооп келбегендиктен, сотко кайрылышкан.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул жагдайды төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Биз тараптан берилген маалыматтарды сотто далилдеп бергенге даярбыз. Эл кимдин ким экенин билүүгө тийиш. Биз өз аракеттерибиз мыйзамдуу экенин анык жана так экенин далилдеп бере алабыз. (SE)

XS
SM
MD
LG