Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Путиндин Кыргызстанга расмий сапары башталды


Орусия президентин "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Путин сапарынын жүрүшүндө бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздукту, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну, КМШдагы чек ара, Евразия экономикалык биримдигине байланышкан маселелерди талкууга алат. Соңунда эки өлкө президенти кызматташтык тууралуу тиешелүү документтерге кол коюшуп, журналисттерге маалымат жыйын курушат.

Владимир Путин Кыргызстанга Борбор Азияга болгон сапарынын алкагында келди. Анын сапары 27-февралда Казакстандан башталып, Тажикстанда уланган. Кремлдин басма сөз кызматы бул сапар Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналганын жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG