Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Парламентте Текебаевдин иши каралды

Парламент Өмүрбек Текебаевдин камалышын кызуу талуулады.

Парламенттеги талаш-тартыш

Жогорку Кеңеш 1-мартта “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча маалымат алды. Парламентке УКМК төрагасы жана баш прокурор келди. Жыйында Өмүрбек Текебаев бийлик куугунтугуна кабылды деген да, ал күнөөлүү болушу мүмкүн деген да билдирүүлөр айтылды. Депутаттар кызыл чеке болуп талашып-тартышты. Ал эми парламент тышында Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митинг өткөрдү.

УКМК: көпчүлүк маалыматтар айтылбайт

Парламент жыйынында абал иш күнү башталганда эле чыңалды. Буга чейин “атамекенчилер” кезексиз жыйынды демилгелеп, бирок ал колдоо тапкан эмес. Мындан улам Өмүрбек Текебаевдин ишинин чоо-жайын кароо боюнча чечим кабыл алынып, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана баш прокурор Индира Жолдубаева чакырылды.

Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарын абалды козутпоого жана тергөөгө жолтоо болбоого чакырды. Ал “Ата Мекен” фракциясынын лидерин кармоонун бир нече себеби барын айтканы менен аларды тизмектеген жок.

УКМК жетекчиси орус бизнесмендери Леонид Маевский жана Алексей Модиндин арызынан тышкары тергөөгө бир катар адамдар күбө катары тартылганын айтты. Алардын арасында кыргыз жарандары да көрсөтмө берип жатканын кошумчалады.

​- Тиешелүү адамдар аныкталып, тергөөгө чакырылып жатышат. Тиешелүү фактылардын бардыгын чогултканга аракет кылабыз. Өмүрбек Текебаевдин ишине тиешелүү адамдарды жекеме жеке жолуктурдук. Анын жыйынтыгын тергөө аяктагандан кийин беребиз.

Бир катар депутаттар Текебаевдин кармалып, акча берген Леонид Маевскийдин эркиндикте жүргөнү калыстыкка жатпасын, тергөө бир тараптуу жүрүп жатканын айтышты.

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов орус ишкеринин сөзүн бекемдеген далил жоктугуна токтолду:

- Он миңден ашуун долларды жеке ишкер биздин мамлекетке көтөрүп келсе, анда бардык тараптардан келген акчанын изин табуу керек. Бул жерде миллион доллар тууралуу кеп болуп жатат. Эгер банк аркылуу келсе эсептерди карагыла, финансылык чалгындоо кызматы изилдеп, бизге жооп бериши зарыл. Эгерде ал миллиондор бажыдан келсе, анда чек ара жана бажы кызматында, УКМКда тийиштүү декларациянын документтери болушу керек. Бир миллион долларды булар эмне кылып каттаганын да тактап бергиле.

Изи жок "миллион"

Леонид Маевский эмне үчүн эркиндикте жүргөнү тууралуу суроого баш прокурор Индира Жолдубаева жооп берди. Ал орус ишкеринин статусу аныктала электигин, күч органдары анын арызынын негизинде гана иш алып барып жатканын белгиледи.

Баш прокурордун мындай сөзү депутаттардын жоопсуз суроосун көбөйттү. Депутат Зиядин Жамалдинов Текебаевдин ишинде мамлекеттин бюджети зыян тартпаганын белгиледи.

"Атамекенчи” депутат Аида Салянова Башкы прокуратура Текебаевге кылмыш ишин козгогондо туура эмес беренени тандаганын сындады. Орус бизнесмени Леонид Маевскийдин "акча берди" деген мезгилде Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөлүгүнөн чыкканын жана мамлекеттик кызматта болбогонун жүйө келтирди.

​- Мына 2010-жылдын 12-июлунда Техникалык өкмөттүн иши аяктаган экен. Силер болсо 27-июлда Маевский акча которгон деп жатасыңар, ал маалда Текебаев мамлекеттик кызматта отурган эмес да. Текебаев анда Убактылуу өкмөттөн да, техникалык өкмөттөн да кеткен. Демек “коррупция” беренеси боюнча иш козгоонун өзү туура эмес.

Жыйын депутаттардын кайым айтышуусу менен коштолуп, депутат Садык Шер менен УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев бири-бирин түшүнө албай талашса, төрага Чыныбай Турсунбеков менен Аида Салянова убакыт тең берилбей жатканы үчүн кер-мур айтышты, ал эми Алмамбет Шыкмаматов менен Асылбек Жээнбековдун талашынын негизги өзөгү “моралдык укукка” арналды.

Өмүркулов: тергөөнү саясатташтырбайлы

КСДП фракциясынын депутаттары аларга деле кылмыш иши козголуп келатканын айтып, бирок маселе коомдук талашка жетпей эле фракция ичинде чечилип жатканын айтышты. Мындай пикирди кармангандардын бири - фракция лидери Иса Өмүркулов:

- Тергөөгө тоскоолдук кылбоо керек. Бул нерсе менин да башыман өткөн. Мага бир кезде иш козгогон Аида Жеңишбековна ушу залда отурат. Ал "иш далилденди" деп айткан учурда да мен тополоң салган эмесмин. Сот аркылуу өзүмдүн актыгымды далилдегем. Текебаевдин ишин дагы саясатташтырбоону суранат элем.

Алмамбет Шыкмаматов “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына ЕККУ, Human Rights Watch өңдүү абройлуу эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдиргенин айтты. Ал Өмүрбек Текебаев “саясий туткун” деп таанылса, Кыргызстанга эл аралык каржы уюмдарынын көмөгү токтоп калышы мүмкүндүгүн эскертти.

Коомдук каналга карай жүрүш

Өмүрбек Текебаевдин иши парламентте каралып жатканда Жогорку Кеңештин сыртында оппозициянын митинги өттү. Ак үй алдына чогулган адамдар “мамлекеттик телеканалдар аркылуу бир тараптуу каралоону токтотуу” талабы менен КТРК имаратына чейин жөө жүрүш жасады. Нааразы тарап каналдан эфир берүүнү талап кылды. Бирок КТРК кызматкерлери жетекчи Илим Карыпбеков оор абалда ооруканада жатканын айтышып, талап аткарышкан жок.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу талабы менен чыккандар мөөнөтсүз митинг жарыяланган.

Парламент Текебаевдин маселесин карады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:42 0:00

Парламент Текебаев боюнча депутаттык комиссия түзбөй турган болду

Жогорку Кеңеш "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу өзүнчө депутаттык комиссия түзбөй турган болду.

Бул окуяга байланыштуу маселелерди буга чейин аталган фракциядан депутаттар Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иштер боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын алкагында кароо чечими кабыл алынды.

"Ата-Мекен" фракциясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов бүгүн парламент жыйынында Башкы прокуратура менен УКМКнын маалыматын угуп, Текебаевдин иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун келтирген.

Жээнбеков: Мыйзам баарына бирдей
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

Шыкмаматов: Конституциянын эң ыйык беренеси бузулууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:01 0:00

Салянова менен Жолдубаеванын кайым айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG