Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38

ӨКМге техника алуу сунушталды


2015-жылдын августунда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан тикучак чакырылган.
2015-жылдын августунда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан тикучак чакырылган.

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын жабдыктарды, техникаларды алуу маселесин көтөрдү. Ал аталган министрликтин техникалык базасы начар экенин айтып, маселени чечүү үчүн каражат табууну сунуштады.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Азаттык" радиосуна каражаттын жоктугунан вертолет сатып алуу маселеси да чечилбей турганын билдирген. Мекеменин өзүнүн тик учагы бузук болгондуктан, катуу өрттү өчүрүү кыйынчылык жаратып келе жатат.

2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында "тилсиз жоону" өчүрүүгө Казакстандан МИ-26 тик учагы тартылган. (NT)

XS
SM
MD
LG