Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Орусия АКШ баш прокуроруна байланышкан чырга жооп кайтарды


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремль АКШнын азыркы башкы прокурору президенттик кампания учурунда Орусия элчиси менен жолугушкан деген полемикадан өзүн оолак кармоого аракеттенүүдө. Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 2-мартта андай кездешүүлөр тууралуу кабардар эместигин, болсо да "сүйлөшүүлөр ишке байланыштуу болушу мүмкүн" деп журналисттерге айтты.

"Элчинин иши түрдүү адамдар, анын ичинде кызмат өтөгөн өлкөнүн мыйзам чыгаруучу, аткаруучу бийликтери менен жолугушууларды камтыйт. Бул – биздин баш оорубуз эмес" деди Песков.

Сешнс президент Дональд Трамптын кампаниясында кеңешчи болчу. Буга чейин "Вашингтон Пост" гезити ал былтыр эки ирет Сергей Кисляк менен жолукканын жазган.

Кечээ Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси башкы прокурордун отставкасын талап кылган. Пелосинин айтымында, Сешнс Конгрессте ант берип, шайлоо алдында орусиялык расмий адамдар менен кездешпегени жөнүндө калп айтты.

Баш прокурор шайлоону талкуулоо үчүн Орусия бийликтери менен эч качан жолугушпаганын билдирди. Президент Дональд Трамп өзү да өнөктөштөрүнүн Москва менен байланыштары бар деген маалыматтарды четке кагып келатат.

Президенттин кеңешчиси Майкл Флинн Кисляк менен байланыштары тууралуу толук эмес маалымат бергенин моюнга алгандан кийин өткөн айда кызматынан кеткен.

Орусия бийлиги АКШдагы шайлоого таасир этүүгө аракеттенген деген америкалык атайын кызматтардын дооматтарын төгүнгө чыгарууда.

XS
SM
MD
LG