Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусундагы 23 бала бакчада жосунсуз жоруктар аныкталган соң республикада мектепке чейинки тарбия берүү мекемелери текшериле баштады.
Мамлекеттик органдар түрдүү рейддерди уюштуруп жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы күч органдарына таянып кабарлады. Укук коргоо уюмдары, жергиликтүү бийликтер жана коомдук уюмдар 5-6 кишиден турган топ түзүп, өз-өзүнчө текшерүү жүргүзүүдө.
Жакында Сурхан-Дарыядагы бала бакчалардын биринде тартылган видео интернетке тараган. Анда тарбиячылар балдарды бычак менен коркутуп, ур-токмокко алып, түнкүсүн имарат сойкуканага айланганы көрсөтүлгөн.
Кийинчерээк мындай бала бакчалардын саны 23 экени маалымдалган. (SE)