Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Жалал-Абад облусунда бир түндө бир айлык нормадагы жаан жаады


Жалал-Абад облусунда 4-апрелге караган түнү жааган жамгыр бир айлык нормадан ашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Гидромет берген маалыматка ылайык, бүгүн түнү дагы ушундай жаан-чачын болот. Сузактагы Көгарт дарыясынын бир жеринде, Базар-Коргондогу Кара-Үңкүр дарыясынын эки жеринде суу ташкын коркунучу пайда болду. Тез арада аракет көрүп, алдын алдык. Жер көчкү коркунучу да жогору болууда.

Адистер тургундардан көчкү жана сел коркунучу бар аймактардан убактылуу башка жакка көчүп турууну суранат.

Кыргызстанда ушул күндөрү туруксуз аба ырайы болорун Гидромет агенттиги эскертүүдө. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG