Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:39

Чемпиондор Лигасынын чейрек финалындагы германиялык "Боруссия" менен "Монаконун" беттеши бүгүн кечинде өтөт. 11-апрелде дортмунддук "Боруссиянын" футболчулары мейманканадан чыгып, стадионго баратканда алардын автобусунун жанында үч жардыруу болгон.

Андан команданын коргоочусу Марк Бартранын колу сынып, денесине айнектин чачырандылары да кирип кеткен. Азыр ал ооруканада. Полиция жарылма заттар автобустун жолуна коюлганын маалымдоодо. Ал кыйла эле чоң өлчөмдө болгон жана футбол командасына багытталган деп болжолдонууда.

- Чабуулдун максаты азырынча белгисиз. Биз ар бир версияны карашыбыз керек. Ошон үчүн өзгөчө кырдаалдарга деп камдаган күчтөрүбүздүн баарын ишке салдык. Ал ушундай кырдаал үчүн түзүлгөн план боюнча иштөөдө, - деди Дортмунд шаарынын полиция башчысы Грэгор Ланж.

Жарылуу болгон жерден бир кат табылган. Расмийлер анын окуяга тиешеси бар-жогу иликтенип жатканын айтышып, мазмунун жарыялашкан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG