Жапон өкмөтү Жалал-Абаддагы балдар ооруканасына реанимациялык жабдуу тапшырды. Облустук оорукананын балдарды жандандыруу бөлүмүнө ымыркайлардын өлүмүн сактап калуу жана кош бойлуу энелердин ден соолугун чыңдоо үчүн баасы 40 миң долларлык медициналык жабдуу берилди.
Буга чейин бул бөлүмгө 113 миң доллар суммага оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Есихиро Ямамура жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкио Мокуо аталган ооруканада болушту.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ЮНИСЕФ биргеликте ишке ашырган "Эне-баланын саламаттыгын жакшыртуу аркылуу тынчтыкты илгерилетүү" долбоорунун алкагында жалпы суммасы 2,5 млн долларга Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 8 оруканадагы төрөт жана балдар бөлүмдөрүнүн инфраструктурасы оңдолуп, ымыркайларга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча 700 медициналык адис окутулган. (RsK)