Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:50

Кыргызстанда ушул күндөрү жаан-чачын көп болуп, тоолуу аймактарда жер көчкү коркунучу күч алууда. Дарыяларда суу ташкындайт. Сел жүрүшү мүмкүн. Бийик тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү топтолот. Кар көчкү коркунучу бар. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы кажет. 21-22-апрелгде аба ырайы кескин өзгөрүп, өлкө аймагында катуу жаан-чачын болот.

19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Таластын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22;

Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG