Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

АКШ Түндүк Кореяга жооп болорун эскертти


Түндүк Корея
Түндүк Корея

Вице-президент Майк Пенс мындай билдирүүнү Жапониядагы сапары маалында жасады. Пхеньян Жапония, Түштүк Корея жана АКШны жок кыларын айтып, коркутуп келет жана жекшембидеги ракета сыноосу ийгиликсиз аяктаганы менен согуштук маанайынан кайтчудай түрү жок.

Йокосука портунда учак ташыган америкалык кемеден сүйлөгөн сөзүндө вице-президент коммунисттик Корея “Азия-Тынч океан регионундагы тынчтыкка жана стабилдүүлүккө эң чоң коркунуч жаратып жатат” деп белгиледи.

Пенс президент Трамптын администрациясы башка өлкөлөр менен биргелешип Пхеньянга экономикалык жана дипломатиялык кысым көргөзүүнүн үстүнөн жакшылап иштейт, АКШ “ар дайым бейпилдикке гана умтулат” деди.

Майк Пенс
Майк Пенс

- Соңку эки жумада эле дүйнө биздин жаңы президенттин кубатына жана чечкиндүүлүгүнө күбө болду. Сирия, Ооганстанда чечкиндүү кадамдарды жасады. Эркиндигибизге, ушул альянска каршы чыккан душмандар президенттин тайманбастыгын, Кошмо Штаттардын жана өнөктөштөрдүн куралдуу күчтөрүнүн дараметин сынабай эле коюшсун.

Пенстин региондогу сапары алдында, 16-апрелде Пхеньян дагы бир ракетасын сынап, Пентагондун маалыматы боюнча ал көтөрүлөрү менен жарылып кеткен.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис "Түндүк Кореянын лидери ракета учуруу менен кайрадан чагымга барып жатат" деп комментарий берип, Вашингтон бул маселеде Бээжин менен жакындан иштешип жатканын кошумчалаган.

19-апрелде Кытай Түндүк Кореялык расмий адамдардын ракета сыноолору улантылары, атүгүл атомдук согуш ыктымалдыгы тууралуу эскертүүлөрүнө тынчсыздануусун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лю Канг Бээжин чыңалууну күчөткөн сөздөргө жана аракеттерге каршы экенин белгиледи.

Парадда көрсөтүлгөн баллистикалык ракета. Түндүк Корея
Парадда көрсөтүлгөн баллистикалык ракета. Түндүк Корея

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Пхеньяндын атомдук сыноолорун айыптап, ошол эле маалда АКШ Түндүк Кореяга каршы бир тараптуу аскердик аракет көрбөйт деп ишенерин айтты.

Эл аралык коомчулуктун айыптоосуна жана Коопсуздук кеңешинин санкцияларына карабай, коммунисттик Корея акыркы жылдарда ракета учурууларын жана атомдук сыноолорун күч алдырды.

Өлкөнүн атомдук амбицияларына байланышкан маселе курчуп турган кезде президент Трамп өткөн аптада Корей жарым аралынын жээгине деңиз күчтөрүнүн чабуул коюучу тобу жөнөтүлгөнүн билдирген.

Бирок кийинчирээк кемелер Австралия тарапка бет алганы белгилүү болду.

АКШ деңиз күчтөрүнүн Тынч океандагы командачылыгы 18-апрелде "ал топ адегенде мурда пландалган машыгууну бүтүрүшү керек болчу" деп түшүндүрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG