Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:56

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов сонку күндөрдөгү жаратылыш кырсыктары боюнча президент Алмазбек Атамбаевге маалымат берди. 21-апрель күнкү жолугушууда жаан-чачын алып келген кесепеттер менен күрөшүү, кырсыктарга каршы штабдардын иши талкууланды.

Министр Кара-Үңкүр жана Көк-Арт дарыяларында суу ташып жатканына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды жана Арал айыл аймактарына барып, жээктерди бекемдөө иштерин текшерип келгенин айтып берди.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

18-апрелден бери Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында дарыялар ташып, миңдеген гектар жерлерге жана жүздөгөн үйлөргө кооптуу кырдаал жаралган. (SE)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG