Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Азимовдордун кармалышы суроо жаратууда


Акрам Азимов
Акрам Азимов

Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип кармалган ага-ини Азимовдордун үй-бүлөсү жана айылдаштары 27 жана 29 жаштардагы жигиттердин 15 кишинин өмүрү кыйылган жардырууга тиешеси бардыгынан күмөн санашат.

Бир туугандардын апасы жана инилери ушул тапта Жалал-Абадда жашайт. Кабарчыбыз алардын үйүнө барып, жардырууга шектелип жаткан бир туугандардын таржымалына кызыкты.

Жалал-Абад шаарындагы Азимовдордун үйү жакындан бери ичинен кулпуланып турат. Анткени соңку окуялардан кийин аларга журналисттер байма-бай баш бага берип тынчын алып койгондой. Азимовдор маалымат берүүнү каалабай турушат.

Ага-ини Азимовдордун апасы кичүү баласы менен турат. Үйдүн кенжеси Билал шаарда соода-сатык менен алектенет. Ал эки агасы тең 2013-жылдын соңунда Орусиянын жарандыгын алганы менен быйыл үй салабыз деп Кыргызстанга кайтууга камынып жатканын айтып отурду.

- Агам Акрам Азимов март айынын акырында Кыргызстанга келген. Анткени мурдундагы гайморити өтүшүп, оорусунун айынан ооруканага көрүнүп, дарыланып жүрчү. Анын артынан Аброр да келем деп жаткан эле. Анткени алар бул жакка өздөрүнө үй салышмак. Менин бул жерде өз алдымча ишим болгону үчүн алар менен көп деле сүйлөшпөйм, ал жакта эмне кылып жүргөнүн деле сурачу эмесмин. Акыркы жолу менин билишимче алар ашканада суши жасап иштешкен. 2013-жылдын акырында экөө тең Орусиянын жарандыгын алышкан.

Аброр Азимов
Аброр Азимов

Азимовдордун апасы Вазира Мирзахмедова бир топ жылдар мурда жолдошу менен ажырашып кетип, төрт баласы менен энесинин үйүндө 15 жылдан ашуун жашаган экен. Жалгыз бой эне балдарын базарда иштеп жүрүп чоңойткон.

2010-жылы уулдары Акрам менен Аброрду алып, Украинанын Киев шаарына жумуш издеп кетип, 2013-жылы Москвага келишкен. Быйыл жазында жалгыз кызын турмушка узатам деп Кыргызстанга келген эне эки уулунун бирдей кармалып, жардырууга шектелип жатканына ишене албай турат. Ал Кыргызстанга келип, ооруканада жаткан уулунун кандайча Москвадан кармалганына акылы жетпей турган кези.

- Улуу балам Акрам оорусунун айынан Кыргызстанга келип, 12-апрелде Ош шаарындагы ооруканалардын бирине дарылануу үчүн жаткырылган. 14-апрелде ошол жерде ага операция жасалган. 15-апрелде ошо бейтапканадан Акрамды колуна кишен салып атайын кызматтын балдары алып чыгып кетишиптир. Мен дароо жактоочу менен Улуттук коопсуздук комитетинин Ош шаардык башкармалыгына барсам, бизге эч бир маалымат айтышкан жок. Кийин эле Акрамды Москвадан кармалды деп телевизордон угуп калдык. Анын жанында билетке акчасы жана паспорту да жок болчу. Мен бул иштер атайын уюштурулган деп билем жана акыйкаттыкты талап кылам.

Азимовдор Акрам Кыргызстанда кармалган соң өлкөдөн депортацияланган деп билдирүүдө.

Акрам Азимов жатты деген Ош шаарындагы жеке менчик ооруканалардын биринин атын атагысы келбеген дарыгери Азимов деген бейтап чын эле 12-апрелден 15-апрелге чейин ооруканада жатканын, гаймориттен улам мурдуна операция жасалганын жана мунун баары оорунун таржымалына катталганын билдирди.

Кадр сыртында гана маалымат берүүгө макулдук берген адистин айтымында, 15-апрель күнү ооруканага белгисиз адамдар келип, күзөттө турган дарыгерге өздөрүн “укук коргоо органдарынанбыз” деп тааныштырып, күбөлүктөрүн көрсөтүп, Акрам Азимовду алып кетишкен. Кийин алар телевизордон Азимовдун Москвадан кармалганын көрүшкөн.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги болсо, бул маалыматты тастыктаган да жок, төгүндөгөн да жок. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

- Бул маалыматтар боюнча ар ким ар кандай айтып жатат. Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздук кызматтары биргеликте иш жүргүзөт. Эгерде Орусиянын укук коргоо органдарынан бизге конкреттүү түрдө тапшырма түшсө, мисалы, УКМКга, алар менен биргеликте иш жүргүзүп, кармап, эгерде ал Кыргызстандын жараны болсо, алып кеткенге эч кандай жол берилбейт. Эгер Орусиянын жараны болсо, бул жакка кандайдыр бир убакытка келген болсо, аны алып кетсе болот. Эгер Кыргызстандын жараны болсо, анда анын процедурасы көпкө созулат. Анын кылмышка тиешеси бар экендигин аныктаган, тастыктаган документтер келгенде биздин укук коргоо органдарыбыз аныктап, тактап, Башкы прокуратура аркылуу алып кетүүгө документ топтолгонго чейин бизде камакта кармалып туруш керек. Эгерде ошондой кармоолор болсо биз билмекпиз. Ошондуктан мындай окуя болуп-болбогонун аныкташ үчүн УКМКдан сурап көрүш керек.

Балдардын таятасы кезегинде Жалал-Абад шаарындагы чоң мечиттерде бир топ жыл бою имам болгон. Апасы Вазира болсо медреседе билим алган. Үй-бүлөнү жакшы билген кошуналары алар салттуу ислам динин карманышканын айтышат. Алардын бири Хамза Хожорахманов.

- Мен Акрамды жакында эле өз үйүнөн көрүп учурашканбыз. Андан соң Оштогу ооруканага дарылануу үчүн кеткенин уктук. Бул үй-бүлөнүн балдары аябай кыйынчылыкты көрүп өскөн. Жакшы эле жүргөн балдар болчу. Сакалчан бирөөлөр үйүнө келгенин деле көргөн эмеспиз. 2010-жылы апасы менен Украинага кетишип, бул жакка келип-кетип жүрүшчү. Жакында эле тайнеси өтүп кетип, ошого батага да келет деп жаткан. Эми эмне деп айтарыбызды да билбей турабыз, тергөө органдары баарын аныкташса керек.

Аты-жөнүн атагысы келбеген дагы бир кошунасы Азимовдордун үй-бүлөсүнө мындай мүнөздөмө берет.

- Вазира эже жолдошу менен жаш кезинде ажырашып, балдарын кыйынчылыкта чоңойтту. Анда Акрам, Аброр, Билал кичинекей болчу. Бир күнү үйүнө кирип калсам эже каткан нанды майдалап, маргаринге куруп, балдарына шорпо даярдап жатыптыр. Жокчулук да. Ал базарда бирөөнүн колунда жалданып, боек сатып иштечү. Кийин балдары чоңойгондо үйлөрүн оңдошуп, Украинага иштегени кетип калышты. Биздин билишибизче ал жакта да токоч жасап сатчу экен. Кийин балдары Москвадан атасын таап, экөөнү жараштырып коюптур. Жолдошу жүрөк оорулуу болгондуктан көбүрөк анын жанында болчу. Быйыл гана кызын узатып той өткөргөнү келди. Бул жерде карыган апасы болгондуктан балдары менен аралашып келип турчу.

Үй-бүлөнүн атасы Ахрал Азимов да уулдарынын жардырууга эч кандай тиешеси жоктугун массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып чыккан.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо 15 адамдын өмүрүн алган жардыруу боюнча Орусиянын Тергөө комитети 10 киши кармалганын билдирген. Онунчу адам Москвада 19-апрелде кармалганын, анын жанында РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылганын, ал соттун чечими менен камакка алынганы бейшембиде кабарланган.

Аталган комитеттин жана Федералдык коопсуздук кызматынын атайын билдирүүлөрүндө кармалган адам 1988-жылы туулган орус жараны Акрам Азимов деп мүнөздөлгөн жана ал мындан бир канча күн мурда камакка алынган 1990-жылы туулган Орусиянын жараны Аброр Азимовдун бир тууган агасы экенин белгиленген.

Аброр Азимов жанында курал-жарагы менен Москва облусунун Одинцово районунда кармалганын Тергөө комитети 17-апрелде маалымдап, ал жардырууга кол кабыш кылды деп шектелип жатканын билдирген. Акрам Азимов болсо бир тууганы катышты делген кылмыш ишине тиешеси бар деп шектелүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG