Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Бишкекте жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсү болот


"Аю-гранд" соода борборунда 28-апрелде баштала турган көргөзмө "Кыргызстанда жасалган" деп аталат. Анда жергиликтүү өндүрүшчүлөр өндүргөн азык-түлүк, кийим-кечеден тартып, жеңил жана оор техникага чейин кардарларга сунушталат.

Бул тууралуу "Кыргызстанда жасалган, ата мекендикин сатып ал" коомдук фондунун төрагасы Бакыт Дегенбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- 2200 чарчы метрди даярдап жатабыз. Анда азык-түлүктөн тарта, таттуулар, кийим-кече, бут кийим, кездеме жана башка товарлар көргөзмөгө коюлат. Биздин иш-чаранын негизги урааны "Баары бизде жасалган. Баары мээрим менен жасалган" деп аталат. Шаардыктарды жана конокторубузду көргөзмөгө келип, жергиликтүү өндүрүшкө салым кошууга чакырабыз. Биздин көргөзмөгө ар бир аймактан токсондон ашуун компания өзүнүн өнүмдөрү менен катышып жатат.

Көргөзмө-жармаңке 28-апрелден 1-майга чейин болот.
Иш-чараны "Ата мекендик өндүрүшчүлөр" ассоциациясы уюштурууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG