Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

“Таза коом” боюнча жумушчу топ түзүлүүдө


Бишкек
Бишкек

“Таза коом” программасы боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган жумушчу топ түзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган.

Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылган. Исаков долбоорду ишке ашырууга Евробиримдиктин катышуусуна кызыкдар экенин Бишкекте Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушууда билдирген болчу.

Мындан сырткары милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоору дагы “Таза коомдун” алкагында ишке ашары белгиленген. (КЕ/ЕВМ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG