Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:15

Түркия - Азербайжан машыгуусу Карабакта нааразылык жаратты


Тоолуу-Карабакта Азербайжандын тик учагы кыйраган учур. 2-апрель, 2016-жыл.
Тоолуу-Карабакта Азербайжандын тик учагы кыйраган учур. 2-апрель, 2016-жыл.

Азербайжандын Коргоо министрлиги маалымдагандай, 5-майга чейин созулуучу машыгууга эки тараптан 1000дей аскер катышып жатат. Анын жүрүшүндө аскерий жабдуулар сыноодон өткөрүлүп, эки өлкө армиясы ортосундагы координация иштери практикаланып жатат.

Бирок Азербайжандын ажырап кеткен жана армяндар көпчүлүктү түзгөн Тоолуу-Карабак аймагынын бийликтери бул аскерий машыгууну кескин сынга алышты. Аймактык бийликтин расмий өкүлү Давид Бабажан немистердин ДПА агенттигине билдиргендей, эгер “чагым жасалса, алар сөзсүз жооп беришет”.

Азербайжан - Армения ортосундагы Тоолуу-Карабак жаңжалы 1994-жылкы макулдашуу аркылуу токтотулганы менен чек арада атышуулар азыр да утур-утур орун алып турат.

Азери аскерлери менен Толуу-Карабактын Армения колдогон күчтөрүнүн мындан бир жыл мурдагы ири кагылышынан 120дай адамдын өмүрү кыйылган. Эки өлкө Тоолуу-Карабактын макамы боюнча мунасага али жетише элек. (UE)

XS
SM
MD
LG