Экинчи дүйнөлүк согуштан кайтпай калган кыргызстандык 1360 жоокердин сөөгү көмүлгөн жер аныкталды. Бул тууралуу дайынсыз жоголгон, кайтпай калган аскерлердин дайын-дарегин иликтеген “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов "Азаттык" радиосуна билдирди. Аталган уюм 2010-жылдан бери жоокерлердин сөөгү жашырылган жерлерди Орусиянын Коргоо министрлиги жана “Мемориал” коомунун жардамы менен аныктап келет. Дайыны табылган маркумдардын бир тобунун бала-чака, тууган-уруктары ал жакка барып зыярат кылып кайтышкан. Айрымдары каражаттын тартыштыгынан бара албай жүрүшөт.
5-майда Бишкектеги Жеңиш аянтында майдандан кайтпай калган жоокерлер эскерилет.
Расмий маалымат боюнча, 1941-45-жылдарда майданга 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу кайткан эмес. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон.
Быйыл 9-майда Советтер Союзунун Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишинин 72 жылдыгы белгиленет. (NT/SA)