Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Депутаттар ӨКМдин ишин сындашты


Өзгөндө көчкү алдында калган адамдарды издөө иштеринен бир көрүнүш
Өзгөндө көчкү алдында калган адамдарды издөө иштеринен бир көрүнүш

Өкмөт Өзгөндөгү жер көчкүлөрү жана өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча парламентте маалымат берди.

Алгач коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков Өзгөндөгү 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу соңку маалыматтар боюнча баяндама жасады. Андан соң өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкү алдын ала белгилүү болсо да жергиликтүү эл коопсуз жайга көчүрүлбөгөнүн сынга алды.

- Жер көчкүлөр жыл сайын кайталанып жатат. Силер болсо "айтканбыз, кол койдурганбыз, көчкүлө дегенбиз" деп айтасыңар. Бирок эч кандай өзгөрүү жок. Улам-улам кырсык басып жатат. Өзгөндө көчкү түшөрү жабдыгы жок эле көрүнүп турат. Алдын ала билип туруп эмне үчүн жергиликтүү элди мажбурлап болсо да көчүргөн жоксуңар?

Көчкүдөн кийин ӨКМ орноткон чатырлар
Көчкүдөн кийин ӨКМ орноткон чатырлар

Жеңиш Раззаков кырсыктын алдын алуу боюнча өкмөт бардык аракеттерди жасаганын айтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине айтылып жаткан сындарды четке какты.

- Аюу айылынын жашоочуларына башка аймакка көчүү боюнча бир нече жолу эскертилген. 28-апрелде урушканга чейин барышыптыр. Анткени көчкү активдешип, айылды басып калары билинип калган. Бирок жергиликтүү эл көчпөй койгон. Биз эми элди соттун чечими менен мажбурлап көчүрүү аракеттерин көрүп жатабыз.

24 өлүмдүн жоопкерчилиги кимде?

Анткен менен көпчүлүк эл өкүлдөрү жер көчкүлөрдүн алдын алуу боюнча иштер убагында жасалганда 24 адам аман калмагын жүйө кармап, өкмөттүн ишине нааразылык билдиришти.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова бул үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жоопкерчилигин кароону өкмөттөн талап кылды.

- Боронов парламентке келгенде баарыбыз суроо бербей жакшы иштеп жатат дейбиз. Бирок ал министрлик орунда көптөн бери отуруп пассивдүү болуп калыптыр. Ал көп нерселерди байкабай да калыптыр. Өкмөт анын жоопкерчилигин карашы керек. Анын кызмат ордун көксөгөн адам жок, бирок ушунча адамдын өлүмү үчүн жоопкерчилик болушу керек да акыры.

Өзгөн, Аюу айылы
Өзгөн, Аюу айылы

Бул дооматтар боюнча Бороновдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Кубатбек Боронов 2011-жылдын 24-декабрынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп келет. Андан бери өкмөт мүчөлөрү жети ирет алмашты.

Ал арада айрым эксперттер көптөгөн адам өмүрүн алган табигый кырсыктар боюнча тиешелүү жетекчилер жоопко тартылмайын, алдын алуу иштери жолго коюлбасын айтышууда. Мурдагы өкмөт башчылардын бири Амангелди Муралиев Өзгөндөгү кырсык келечекке сабак болуп, ыкчам чаралар көрүлүшү керек деген ойдо.

- Жоопкерчилик болушу керек. Табигый кырсыктар боюнча үстүртөн эле айтылып, үстүртөн эле иштер жасалып жатат. Конкреттүү эч кандай чаралар жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде көп кемчиликтер бар. Аларды ачык айтып чечүү керек. Анан албетте министрликтин башындагыларды административдик жоопкерчиликке тартуу зарыл.

Өкмөттүн маалыматы боюнча соңку 26 жылда өлкө боюнча 518, акыркы төрт айда 134 жер көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкүлөрдүн алдын алуунун жалгыз жолу жергиликтүүлөрдү коопсуз жайга көчүрүү экендигин айтып келет.

29-апрелде Өзгөндүн Аюу айылына түшкөн көчкү 24 адамды басып калган. Алардын сегизинин сөөгү табылып, калгандарын издөө иштери уланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG