Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:28

WikiLeaks Трамп менен Коминин сүйлөшүүсү үчүн жүз миң доллар убада кылды


WikiLeaks сайты АКШ президенти Дональд Трамп менен 9-майда кызматтан алынган ФБР башчысы Жеймс Коминин сүйлөшүүсүн жарыялагандарга жүз миң доллар убада кылып жатат.

Буга чейин Трамп Коми шайлоо жылы демократтардын талапкери Хиллари Клинтондун электрондук почталары боюнча иликтөөнү жетектөөдө жана башка мүчүлүштүк кетиргени үчүн иштен алынганын билдирген. 10-майда ал Твиттердеги баракчасына "Коми бүтүн Вашингтондун үмүтүн актаган жок" деп жазган болчу.

Демократтар Коми өткөн жылкы шайлоо алдында Клинтондун каттары боюнча иликтөө баштап, ага сокку урган деп күнөөлөп келишсе, эми Орусия менен байланышкан иликтөөдө чечүүчү киши четтетилгенин айтышкан.

56 жаштагы Жеймс Коми АКШнын тарыхында кызматтан четтетилген ФБРдин экинчи жетекчиси. Бул мекемеге башчы болуп келген киши 10 жыл кызмат өтөйт. Буга чейин демократтар менен республикачылардын бирдей сыйына татыган Комини төрт жыл мурун экс-президент Барак Обама дайындаган.

WikiLeaks чуулгандуу маалыматтарды жарыялаган сайт катары белгилүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG