Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Бишкекте балдарга арналган иш-чаралар өткөрүлөт


Бишкектеги балдардын "Сейтек" борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген 600 балага арналган концерт болот. Асанбек Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында мектеп окуучуларынын жана мектепке чейинки балдардын театралдык оюн-зооктору коюлат. Ошондой эле Балдардын чыгармачылык борбору "Сергек жашоонун сырлары" деп аталган оюн-зоок тартуулайт. «Ала-Тоо» аянтында балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылат. Мындан тышкары мекеме-ишканалар, ири компаниялар, укук коргоо уюмдары, Бишкек шаардык мэриясы да бир катар маданий жана кайрымдуулук акциясы уюштурулуп жатканын кабарлашты.

Кыргызстанда жарандык активисттер 1-июндан башка күндөрү балдарды коргоого жеткиликтүү көңүл бөлүнбөйт деген сын айтып келишет. Буга чейин балдарды коргоо күнүн шаан-шөкөт менен өткөрүүнүн ордуна балдарды коргоо жаатындагы иш-чараларга басым жасоо керек деген маселени КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева да парламентте көтөргөн.

Башкы прокуратура тараткан соңку маалыматка караганда Кыргызстанда былтыр балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын 106сы сексуалдык мүнөздө болгон. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG