Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Жалал-Абад: аксакалдар Бабакуловдун макаласына нааразылык билдиришти


Жалал-Абад шаарында 1-июнда кыргыз-өзбек аксакалдары биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алар журналист Улукбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жазган макаласы "улуттук кастыкты козутат" деген пикирлерин айтып, ага укуктук баа берүүгө чакырышты. Жергиликтүү тургун Махамаджан Дыйканов журналисттин аракетине укук коргоо органдары баа бериши керектигин айтты.

Абдыпатта Маткалыков аттуу жаран мындай өңүттөгү макалалар 2010-жылдагыдай окуяларга себепчи болушу мүмкүндүгүн белгилеп, бийликти буга көңүл бурууга, элди ынтымакка чакырды. Аксакалдар Бабакуловдун жазгандарын негизсиз деп сыпатташты.

Журналистке бул макала үчүн укуктук баа берип, жарандыктан ажыратуу маселеси 1-июнда парламентте да көтөрүлгөн. Бабакулов өзү эл өкүлдөрүнүн сынын четке кагып, айрымдар макаланын маанисин түшүнбөй жатканын айтууда.

Буга чейин Бабакулов "Азаттык" радиосуна "Мен социалдык тармактарда улуттар аралык мамилени козуткан пост, пикирлер жазылып жатат деп, ошолорду которуп жазгам. Ошого атайын кызматтар бөгөт койсо дейм. Мен ошол маселени көтөрдүм. Атайын кызматтар саясат менен алектенбей, ошол нерселерди да көзөмөлдөшү керек", - деп билдирген.

2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 442 адамдын өмүрү кыйылган. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG