Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 03:39

Кабулда демонстрацияны таратуу учурунда төрт адам өлдү


Кабулдагы демонстранттарды таратуу учуру. 2-июнь, 2017-жыл.

Бүгүн минге жакын адам президент Ашраф Ганинин өкмөтүнүн кызматтан кетишин талап кылган ураан-чакырыктар менен 31-майда ири жардыруу болгон жерге чогулган. Алардын президенттик сарайды көздөй жүрүш жасоо аракетин токтотуу үчүн ооган коопсуздук күчтөрү асманга ок чыгарып, демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тирешүү учурунда кеминде төрт адам набыт болгонун ырастады. Ички иштер министринин орун басары, генерал Али Мурад Алинин айтымында, демонстранттардын жана полиция кызматкерлеринин бир нечеси жарадар болду. Демонстранттар тараптан полицияны көздөй таш да ыргытылган.

31-майдагы жардыруудан 90го жакын кишинин өмүрү кыйылып, 460тан ашууну жаракат алган. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Талибан чабуулга тиешеси жоктугун айтып чыкты. Бирок Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, Ооганстандын башкы чалгын мекемеси - Коопсуздук боюнча улуттук директорат жардырууну Талибанга байланышы бар "Хаккани" кыймылы уюштурган, бул Пакистан тараптан да жардам келген деген эсептейт. Ушундай эле ойду мурдагы ооган расмий өкүлдөрүнүн айрымдары да айтышты. (UE)

XS
SM
MD
LG