Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Британияда оппозиция Мэйдин кызматтан кетүүсүн талап кылды


Британ прьер-министри Тереза Мэй менен оппозициялык партиянын лидери Жереми Корбин
Британ прьер-министри Тереза Мэй менен оппозициялык партиянын лидери Жереми Корбин

Британиядагы оппозициялык Лейбористтик партиянын лидери Жереми Корбин премьер Мэйди ички иштер министри болуп турган алты жылда полиция кызматкерлеринин санын кыскартканы үчүн кызматтан кетүүгө чакырды.

8-июнда Британияда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоо Лондондун чок ортосундагы чабуулда жети киши набыт болуп, 50гө чукул киши жараат алган террордук чабуулдан беш күндөн кийин болот. Британия соңку үч айда үчүнчү террордук чабуулга кабылды.

5-июнда Корбин ITV телеканалына курган маегинде Мэйди кызматтан кетүүгө чакырып, “Биз полиция кызматерлерин кыскартмак эмеспиз” деп айтты.

Андан мурдараак Мэйден кабарчылар 2010-2016-жылдар аралыгында ички иштер министринин кызматын аркалап турган маалда полиция кызматкерлеринин санын 20 миңге чейин азайтканына өкүнөбү же жокпу деп сурашкан.

Мэй болсо Лондондун полиция күчтөрү “жакшы жабдылганын” жана “терроризмге каршы турууга кубаты чоң” деп жооп берген.

Ал ортодо Лондон полициясы 3-июндагы чабуулдан кийин текшерүүлөрдө бир нече киши кармалганын билдирип, бирок так санын айткан жок. Лондон полициясынын башчысы Крессида Дик Би-Би-Си телеканалына “өтө көлөмдүү кылмыш материалдары” алынганын айтты.

“Ислам мамлекети” террордук тобу чабуулду өз мойнуна алды.

4-июнда полиция Лондондун чыгышындагы Баркинг районунда эки жерде 11 кишини камакка алган.

XS
SM
MD
LG