Бишкек шаарынын мэриясы Ак-Өргө жаңы конушунун четиндеги 13 жер тилкени өзүнүн карамагына алды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу айтты:
- Бул Ахунбаев көчөсүнүн уландысы. Ахунбаев менен Ак-Өргөнүн Ашар көчөсү менен кесилишкен жер. Ленин райондун акимиатынын токтомдору менен ал жакта жер тилкелери бөлүнгөн. Бирок мэрия уруксат берген эмес. Ал жерде эч кандай курулуш салынган эмес, салдырбай келгенбиз ушул убакытка чейин.
Муниципалитеттин карамагына жалпысынан 78 сотка жер өттү. Алар 2005-жылы жеке курулуш үчүн берилген. Бирок райондун бул чечимдерин мэрия сотко берип утап алды. Талант Иманакун уулунун белгилешинче, эми ал жерлер унаа жолду кеңейтүү максатында пайдаланылат. (RK)