Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

ФБРдин мурдагы башчысы АКШ Сенатында көрсөтмө берет


ФБРдин мурдагы директору Жеймс Коми бүгүн Сенаттын чалгын иштери комитетиндеги коомдук угууда көрсөтмө берген жатат. Ал мурдагы кызматында Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Дональд Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын бул өлкө менен ыктымал байланыштары боюнча иликтөө жүргүзүп келген эле.

Сенаттагы көрсөтмөсүн утурлай кагаз жүзүндө тараткан билдирүүдө Жеймс Коми президент Трамп кызматка киришкен бир аптадан кийинки кечки тамакта андан ага “лоялдуулук зарылдыгын” жана “лоялдуулукту күтөрүн” айтканын ачыктады. Ал эми кийин 14-февралда Ак үйдөгү жолугушууда президент Трамп өзүнүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флиндин ишин козгогонун да белгиледи.

ФБР ал учурда Флиндин Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтеп жаткан.

Коминин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн комментарийлегенде Трамптын адвокаты Марк Касовиц президент өзү ФБРдин иликтөөсүнө тартылбаганына, ал өзүн “толугу менен акмын ” деп санарына көңүл бурду. Трамп Комини кызматтан быйыл 9-майда бошотуп, бул өз кезегинде талаш жараткан эле.

Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтөө үчүн АКШда өткөн айда атайын прокурор да дайындалган. (UE)

XS
SM
MD
LG