Ооганстанда 10-июнда теракт курмандыктарын эскеришти. Өлкөдөгү бардык желектер ылдый түшүрүлдү. Жакында эле өлкөдө экстремисттердин кол салуусунан 200гө жакын адам өлүп, 600гө жакын адам жараат алган болчу.
Кол салуулар Кабулда, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хост жана батышындагы Герат провинцияларында орун алган. 31-майда Кабулда болгон жардыруунун айынан 150 адам өлүп, 460ы жараат алган. Бул 2001-жылы АКШ жана анын союздаштары Ооганстанга кирип, талиптердин режимин кулаткан убакыттан берки эң кандуу кол салуу болуп калды.
27-майда Хост провинциясында автоунаа жардырылган. Анда 13 адам каза таап, сегизи жарадар болгон. 6-июнда Герат шаарындагы мечитте болгон жардыруудан жети адам өлүп, 15 адам жараат алган эле.