Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

“Хаккани” кыймылы Кабул жардыруусуна катышы бардыгын четке кагууда


31-майдагы жардыруудан кийинки көрүнүштөрдүн бири. Кабул, 31-май, 2017-жыл.
31-майдагы жардыруудан кийинки көрүнүштөрдүн бири. Кабул, 31-май, 2017-жыл.

Бул кыймылдын Кабулдагы ири жардырууга катышы жоктугун ооган талиптеринин экинчи адамы жана Пакистанда жайгашкан “Хаккани” кыймылынын жолбашчысы Сиражуддин Хаккани билдирүүдө. Мындай билдирүүнү ал атайын аудиокайрылуу аркылуу жасады.

Быйыл 31-майда Кабулда бомба коюлган автоцистернанын жарылуусунан 150дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Бул ооган борборунда 2001-жылы "Талибан" режими кулатылгандан берки эң ири жардыруу болду жана анын артынан президент Ашраф Ганинин өкмөтү кызматтан кетсин деген чакырыктар да айтылды.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес, бирок ооган расмий өкүлдөрү муну коңшу Пакистандагы “Хаккани” кыймылынан көрүшкөн эле.

Аудио кайрылуусунда кыймылдын башчысы Сиражуддин Хаккани жардырууну айыптап, бирок алардын тобу Ооганстандан чет элдик аскерлер кетмейинче согушун уланта берерин да эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG