Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Келдибеков: үчилтиктин тандеми күчүндө


Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров түзгөн үчилтик тандеми күчүндө кала берет. Президенттик шайлоого аттануу жаатында үчөө акылдашып, аракет кылууну улантат. Бул тууралуу Келдибеков "Азаттык" радиосуна берген маегинде айтты.

2016-жылдын ноябрында үч саясатчы тандем түзүп, президенттикке бир талапкер чыгарышарын жарыялашкан. Быйыл майда Келдибеков Алайда эл менен жолуккан учурда шайлоого өз алдынча аттанары белгилүү болгон. Адахан Мадумаров мындан кабарсыз экенин айткан жана өзү мамлекет башчылыкка ат салышуу боюнча сунуштарды карап жатканын билдирген. Анык жообун орозодон кийин жарыяларын белгилеген.

Акматбек Келдибеков айрымдар үчилтиктин ынтымагын бузууга аракет кылып жатканын, ага карабай биргелешкен аракет улана берерин кошумчалады. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG