Бүгүн Кытай Тайбэйинин Тайчунг шаарында башталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык төрт балбан байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алардын үчөө алтын медал үчүн таймашат. Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, алгачкы мелдеш күнүндө грек-рим күрөшүнөн алты салмакта таймаштар башталды.
55 килограмм салмакта кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков финалда ирандык Мохаммед Резаи менен күрөшөт. 2015-жылы уландар арасында (кадеттер) Азия чемпиондугун уткан Шаршенбеков чейрек финалда индиялык Вижай Вижайды (2:0), жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовду (9:6) жеңип, алтын медал үчүн таймашууга чыкты.
55 кг. 1/2 финал. Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан) - Ернур Фидахметов (Казакстан) 9:6.
74 килограммга чейинки салмакта уландар арасында (кадеттер) Азиянын эки жолку жана уландар арасында дүйнөнүн чемпиону Акжол Махмудов финалда өзбекстандык Ялгасбай Бердимуратов менен таймашат. Махмудов чейрек финалда Кытай өкүлү Минг Диан Линди 5:0, жарым финалда кытайлык Жи Шини 6:0 эсебинде таза утушка ээ болуп, финалга жолдомо алды.
74 кг. 1/2 финал. Акжол Махмудов (Кыргызстан) - Жи Ши (Кытай) 6:0.
84 килограммга чейинки салмакта Калидин Асыкеев чемпиондук наам үчүн ирандык Мехди Мохаммад Балихамзехден менен күч сынашат. Ал буга чейин түштүк кореялык Инсеоб Кимди 2:1, индиялык Кумар Сунилди 6:0, кытайлык Ксианпенг Санды 2:1 эсебинде жеңип алган.
84 кг. 1/2 финал. Калидин Асыкеев (Кыргызстан) - Ксианпенг Сан (Кытай) 2:1
60 килограммга чейинки салмакта Тынар Шаршенбеков жапониялык Ешики Ямада менен коло медал үчүн таймашат. Ал эми Адилет Абдыкалыков (66 кг.) жана Медер Абыкеев (96 кг.) алгачкы беттештеринде атаандаштарына утулуп мелдештерин жыйынтыкташты.
Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат.
Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 19-июнга чейин уланат. (ECh)