Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Бүгүн Аида Салянованын соту болот


Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Саляновага байланыштуу ишти карай баштайт. Бул тууралуу адвокат Улан Жумаков “Азаттыкка” кабарлады.

Алгач ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, кийин соттолуучу тараптын "Юстиция министрлиги Ленин районунун аймагында жайгашкан" деген өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна которулган. 9-июнда адвокаттын келбей калганына байланыштуу сот бүгүнкүгө жылган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган. Ага карата “өлкөдөн тышка чыкпоо тууралуу тил кат” баш коргоо чарасы кабыл алынган. Салянова өзүнө тагылган айыпты негизсиз каралоо жана саясий куугунтук деп атап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG