Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Кантөрө Талантбеков Азия чемпиондугунда күмүш медал тагынды (видео)


Кантөрө Талантбек уулу Азия чемпиондугунун жарым финалдык таймашында. 18-июнь, 2017-ж.
Кантөрө Талантбек уулу Азия чемпиондугунун жарым финалдык таймашында. 18-июнь, 2017-ж.

Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Кантөрө Талантбек уулу 18-июнда Кытай Тайбэйинин Тайчунг шаарында жыйынтыкталган спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медал тагынды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, жекшембиде эркин күрөштөн алты салмакта байге ойнотулуп, кыргыз балбандары эки байге алды.

96 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Кантөрө Талантбек уулу алгач Кытай Тайбэйинин өкүлү Юу Де Жанды (13:0), чейрек финалда монголиялык Алтангерел Чинбатты (10:9), жарым финалда казакстандык Серик Бакытхановду (4:4) утуп финалга чыккан. Алтын байге үчүн таймашта ирандык Даниял Махди Шариятиниа менен күрөшүп жеңилип (10:0), күмүш медал тагынды.

96 кг. Жарым финал. Кантөрө Талантбек уулу (Кыргызстан) - Серик Бакытханов (Казакстан) 4:4.

​66 килограммга чейинки салмакта Мансур Сыргак уулу коло байге алды. Ал алгач кытайлык Шаохуа Юаньды (10:10) утуп, жарым финалда жапониялык Риому Анракуга 3:2 эсебинде жеңилип калган. 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Рамазон Ибодов менен күч сынашып 3:2 эсебинде жеңишке жетти.

66 кг. 3-орун үчүн беттеш. Мансур Сыргак уулу (Кыргызстан) - Рамазон Ибодов (Өзбекстан) 3:2.

Ал эми Бекболот Мырзаназар уулу (55 кг.) жана Динисламбек Таалайбек уулу (84 кг.) алгачкы беттештеринде утулуп мелдештен четтешсе, Эдил Кадырбек уулу (60 кг.) коло байге үчүн таймашта утулду. Бекжан Камчыбеков (74 кг.) коло байге үчүн күрөшүүгө жол ача турган жооткотуучу беттеште жеңилди.

Спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу 15-июнда башталган.

Жалпы байгелерди кошкондо, кыргыз балбандары эки алтын, үч күмүш жана беш колого ээ болушту. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда бир алтын эки күмүш, эки коло, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук курама команда бир алтын, бир коло жана эркектер арасында эркин күрөш боюнча улуттук курама команда бир күмүш, эки коло медал тагынышты.

Азия чемпиону наамын грек-рим күрөшчү Акжол Махмудов (74 кг.) жана кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (67 кг.) алды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG