Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Навальныйдын штабында сүйлөгөн журналист иштен алынды


Орусияда оппозиционер Алексей Навальныйдын штабында сөз сүйлөгөн журналист жана жазуучу Елена Колядина иштен алынды.

Колядина newsvo сайтына жазган билдирүүгө ылайык, ал 22-июнда адабият тууралуу штабда лекция окуган. Эртеси "Медиа центр" компаниясынан жана "Голос Череповца" гезитинен иштен алынган. Эмгек китепчесине анын кызматы кыскартылганы тууралуу жазылган.

Журналист өзүнө байланыштуу бул окуянын саясий себеби бар экенин белгиледи.

Елена Колядина "Гүлдүү чырым" романы үчүн 2010-жылы "Русский Букер" сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG