Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Министрлик: Төрөт үйүндөгү окуяда күнөөбүз болсо жашырбайбыз


Иллюстрация
Иллюстрация

Балыкчыдагы төрөт үйүндө болгон окуяга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинде комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Министрлик эгер медицина кызматкерлеринин күнөөсү болсо жашырбай турганын, айыптуулар жооп бериши керектигин билдирди.

Балыкчыда ата-эне эгиз төрөлгөн ымыркайлардын бирөөнү алып коюшту деп күмөн санап жатканы өткөн аптада белгилүү болгон.

Шаар тургуну Данияр Чыбыев “Азаттыкка” айтып бергенине караганда, 6-июнда анын жубайы Махабат Намазбекова көз жарган. Ал ага чейин сегиз жолу УЗИ аппаратына түшүп, сегизи тең эгиз бала деп көрсөткөнүн, бирок доктурлар бир эле бала төрөлдү деп айтканын билдирген.

Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүн башчысы Тилек Айдаралиева эгиз бала болбогонун, УЗИ жаңылыш көрсөтүп коюшу мүмкүн экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG