Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Төрөтканадагы чыр боюнча иш козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Балыкчы шаарында эгиз баланын бири төрөт учурунда жоголушу мүмкүн деген арыздын негизинде иш козголду.

Жаңы төрөгөн аял дарыгерлер эгиздин түгөйүн алып коюшу мүмкүн деп шек санап жатат. Ал эми дарыгерлер аппарат жаңылыш көрсөтүшү ыктымалдыгын, төрөт маалында аял эс-учун жоготпогонун айтууда.

- Тогуз ай ичинде сегиз жолу УЗИге түшкөм. Колумда бир нече аныктама бар, эки аныктама жеке УЗИде, аларды милиция алса керек, - дейт Махабат Намазбекова.

Ал ультра үндүү аппарат эненин курсагында эгиз бала бар экенин кантип эле сегиз жолу жаңылыш көрсөтсүн деп шек санап жатат.

- Ар кандай ойлор келет экен. Балким төрөтүп жатканда бир нерсе кылып алыштыбы, балким бирөөгө берип коюшту... Милиция, прокуратура, УКМК караштырып, бизге чындыкты көргөзүп берет деп ишенебиз.

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Элет көзүнөн учкан төрөткана

Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.

Бул окуядан кийин Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдаралиева кызматынан бошотулган. Ушул тапта ал Балыкчы шаардык ооруканасынын терапия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Тилек Айдаралиева Чыбыевдердин үй-бүлөсү койгон айыптарды четке кагууда. УЗИ аппараты кээде жаңылыш көрсөтүп коюшу мүмкүн деген дарыгер аял төрөп жатканда баарын сезип турганын айтты:

- Белинен наркоз бердик. Аял кадимкидей эле сүйлөп жаткан. Операцияда 3 килограмм 250 граммдык бала чыкты. Баягы биз күтүп жаткан эки килограммга жетпеген эгиздерди алган жокмун. Жанымдагы хирург да карады. Анан тонду алып чыктык. Тон чынында чоңураак экен. Бир бала төрөлгөнүн баарыбыз көрдүк.

Ал эми Махабат Намазбекова төрөт учурунда наркоздон улам эч нерсе сезбей калганын, бир кызды колуна беришкенде өзү да катуу таң калганын айтууда:

- Баарын билип, биз менен сүйлөшүп жаткан деп айтышты. Мен эч ким менен сүйлөшкөн жокмун. Болгону операция алдында анестезиолог "жакшысыңбы?" деп сураган. Кызым да ыйлаган жок. Мен ыйды укпадым. Баланын ыйлаганын уксам да бирөө, экөө турбайбы деп билмекмин да. Кызымды алып келишкенде көрдүм да.

Намазбекованын төрөтү жакындаганда Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барган. Ал жердеги дарыгерлер кош бойлуу аялды Караколго же Бишкекке которолу дегенде, Чыбыевдер "алыс жакка чыга албайбыз" деген шарт менен макулдук кат жазып берген.

Иллюстрация
Иллюстрация

Төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Айдаралиева операцияга 11 киши күбө болгон, алардын арасында практикант студенттер да бар деп жатат. Төрөткө катышкан акушер-гинеколог Гүлзат Нарынбекова бала жалкы эле төрөлгөнүн айтты:

- Эки бала төрөлөт деп мурда айтылган. Биз жалаяктарды алып киргенде Тилек Айдаралиева бир эле баланы алып чыгып берди. Экинчи бала төрөлбөгөнүн айтты. Аялдын ичин карап бүткүчө турдук. Бала жок экен. Тон чыккандан кийин баланы атасына алып барып бердик.

Бул окуя боюнча Данияр Чыбыев 12-июнь күнү УКМКга арыз жазган. Ал арыз бир жумада Караколго жиберилип, шаардык прокуратурага өткөн. Прокуратура ишти шаардык милицияга өткөрүп берген. Милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзүп жатат.

- Чыбыевдин арызы менен адам сатуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси менен иш козголгон. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, - деп билдирди Балыкчы шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Абдымусаев.

Ушу тапта эгиз балалуу болмокпуз деген жубайлар да ак жерден күнөөлөнүп жатам деген дарыгер Тилек Айдаралиева да тергөөдөн акыйкаттыкты күтүп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG