Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Кытайдын ири кемеси Гонконг портуна келди


Гонконгдун портуна алгачкы жолу Кытайдын “Ляонин” деген учак ташуучу кемеси келди. Бул саякат мурдагы британ колониясынын Бээжиндин карамагына өтүшүнүн 20 жылдыгына арналган.

Айрым байкоочулр муну менен Кытай өзүн ири деңиз держава экенин да көргөзгүсү келди дешет.

Кемени көрүүгө жергиликтүү жашоочулар, чет өлкөлүк туристтер келишти. Дем алыш күндөрү аны 2 миңдей киши көрүп кетет деп күтүлүүдө. “Ляониндин” сапары Түштүк жана Чыгыш Азия сууларында аймактык талаштардан улам кырдаал чыңалып турган кезке туура келүүдө. Кеме бир жума мурун Тайван кысыгынан өтөп жатканда Тайван деңиз жана аба күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирген. Жакында “Ляонин” жана анын бортундагы согуш учактыр асердик машыгууларга катышкан.

XS
SM
MD
LG