Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Батыралиев: Балдардын тамагы боюнча улуттук борбор керек


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Мындай пикирин cаламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев “Балдардын ашканасы” ишканасына барган учурда билдирген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Батыралиев 22-июль күнү Бишкектеги “Балдардын ашканасы” ишканасын кыдырып, балдардын тамагын даярдоого өзгөчө маани берилиши керектигин айткан.

- Азыркы абалды жакшыртуунун жолун ойлонушубуз керек. Балким балдардын тамагы боюнча улуттук борбор же институт түзүшүбүз керек. Биз мындай артта калган шарт менен балдардын келечегине кам көрө албайбыз, – деди Батыралиев.

Бишкектеги “Балдардын ашканасы” мекемесинин башчысы Ольга Кривошеинанын айтымында, учурда ишкана күнүнө 2,5 миң адамдык биолакт, быштак жана башка азыктарды өндүрөт. Аталган ишкана 12 миң адамдык азык өндүргөн учурлары болгон. Азыр жабдыктарынын баары эскирип, четинен иштен чыга баштады.

“Балдардын ашканасы” күнүгө 27 үй-бүлөлүк медициналык борборлорго тамак жеткирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG