Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:49

Текебаевдин тарапкерлери БШКнын алдына митингге чыгышты


Tekebaev 2
Tekebaev 2

БШКнын алдында Текебаевдин тил сынагына катышуусун талап кылган отуз чакты адам ушул тапта Боршайком имаратынын алдына чогулуп турушат. Текебаевдин юристи Таалайгүл Токтакунованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, БШК бул маселени чечип берсин деген талап коюлууда:

- Талап бирөө эле. Борбордук шайлоо комиссиясы учурда тергөө абагында жаткан Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары тил сынагына катышуусун камсыздап берүүгө тийиш. Бул БШКнын колундагы иш.

Айрым маалыматтар боюнча, БШК бүгүн жыйын куруп, бул маселени карашы күтүлүүдө.

Кечээ Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан.

Президенттик шайлоого катышууну көздөгөндөрдүн арасында тергөө абагында жаткан дагы бир талапкер - Садыр Жапаров да бар. Азырынча анын да мамлекеттик тил сынагына катышары белгисиз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG