Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Өзгөндүн базарындагы өрт өчүрүлдү


Өзгөн районунун борбордук базары күйүп кетти. 29-июль, 2017-жыл
Өзгөн районунун борбордук базары күйүп кетти. 29-июль, 2017-жыл

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Авазбек Айтиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, адистер өрттүн себептери жана андан канча ишкер чыгымга учураганын аныктап жатат.

29-июль күнү таңкы саат 04:40 чамсасында ӨКМнин өрткө каршы кызматына Өзгөн районунун борбордук базары күйүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Өрт эртең мененки саат 9дарда басаңдап, 11:30дардан өтүп толук өчүрүлдү. Өрт болжол менен 2000м2 аянтты каптаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок. 100дөн ашуун ишкердин товарлары күйүп кеткени айтылууда. Базарда иштеген соодагерлер окуя болгон жерге аким, мэр келбегенин, компенсация маселеси чечилиши керектигин “Азаттыкка” билдиришти. (YI)

XS
SM
MD
LG