Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Кара-Сууда өрттөн төрт үй күйүп кетти


Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жийделик айылында, Хаким ажы көчөсүндөгү турак жайларда 31-июлда өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, куткаруучуларга кабар саат 14:01де түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр беш мүнөт аралыгында барып, бир жарым саатта толук өчүрүп бүтүшкөн. Өрт өчүрүүгө алты бөлүм тартылган. Андан киши өмүрүнө зыян келген жок. Катар жайгашкан төрт турак жай күйүп кетти. Азыр тилсиз жоонун себеби такталууда.

Кыргызстанда быйыл алты айда 1300дөн ашуун өрт кырсыгы катталды. (NT)

XS
SM
MD
LG