Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Туск 2010-жылкы Смоленсктеги учак кырсыгы боюнча суракка чакырылды


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск бүгүн Варшава прокуратурасында Польша президентинин учагынын кырсыгына байланыштуу күбө катары сурак берди. Тергөөчүлөр бир катар жагдайларга, анын ичинде эмне себептен сөөктөрдүн тек-жайын аныктоону орусиялык адистер жүргүзгөнүнө кызыгышууда. Эксгумациядан кийин бир топ каталар кетирилгени белгилүү болду.

Оппозиция Тусктун экинчи жолу Варшавага суракка чакырылышын саясий өч алуу деп баалайт. Ал эми өкмөт мурдагы премьер башка жарандардай эле прокуратура менен кызматташууга тийиш деп келатат.

2010-жылы 10-апрелде Смоленсктин жанында ТУ-154 учагы кулаганда президент Лех Качински жана анын жубайы, польшалык жогорку расмий адамдар, бардыгы болуп 96 киши каза тапкан. Делегация Катында польшалык офицерлердин атылышынын 70 жылдыгына баратышкан. Туск ал кезде өкмөт башчы болчу.

XS
SM
MD
LG