Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажылыкка кетишти


Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. 2012-жыл
Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. 2012-жыл

Ажылык амалдарын аткаруу үчүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга бүгүн жөнөштү.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи үч каттам Бишкек-Мадина багытында, андан кийин он эки каттам Ош-Мадина, Ош-Жидда багытында учат. Акыркы топ 20-августта жөнөйт.

Зыяратчылардын ар бирине жеке маалыматтары камтылган электрондук билерик тагылат. Аларды өкмөт бөлүп берген 13 дарыгер коштоп барат.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 4760 орун бөлгөн. Сапардын баасы 2760 доллар деп чечилген.

Зыяратчыларды Сауд Арабиянын “Флай Нас” компаниясынын учагы ташыйт.

Кыргызстанга кайтуу жараяны 8-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG